Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11 млрд сомдон ашты

ЖТПнын жетекчиси Азис Абакиров жана премьер-министр Адылбек Касымалиев.

ЖТПнын жетекчиси Азис Абакиров жана премьер-министр Адылбек Касымалиев.

Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2024-жылы 11,4 млрд сом (130,3 млн долларды) киреше тапты. Анын 94% экспортко туура келет.

Аталган уюм тараткан маалыматта, 2023-жылы экспорттун көлөмү 7,8 млрд сом (89,1 млн доллар) болсо, былтыр ал 10,67 млрд сомго (122 млн доллар) жетип, жалпы кирешенин 93,6% түзгөн.

"2024-жылы ЖТПнын мүчөлөрүнүн саны 24,5% көбөйүп, киреше 46% өстү. Жумуш орундарынын саны 18% жогорулады", - деп жазылган маалыматта.

Уюмга 2023-жылы 383 компания мүчө болсо, учурда алардын саны 477. Парк өткөн жылы мамлекетке 304,7 млн сом (3,5 млн доллар) салык төккөн.

Аталган уюмдун жетекчиси Азис Абакировдун белгилешинче, 2025-жылдан тартып ЖТП мөөнөтсүз статусун алган.

Бүгүн, 26-мартта премьер-министр Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына расмий иш сапар менен барды. Өкмөт башчы IT-тармагын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн стратегиялык артыкчылык экенин белгиледи.

Былтыр Жогорку технологиялар паркы АКШнын Сан-Франциско шаарынын Силикон өрөөнүндө өз үйүн ачкан.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган. Уюм креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө басым жасап келет. (ST)

Дагы караңыз

Министр Машиев Кумтөрдө 261 тонна алтын запасы бар экенин айттыДары-дармектин көбү узун кезектин айынан каттоодон өтө албай жатканы айтылдыКуштарга байкоо салган сегиз маршрут иштелип чыкты