Мамыркулованын иши: Журналисттер бийликке, эл аралык коомчулукка кайрылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын медиа аракет платформасы жарандык позициясы үчүн камалган журналисттин ишине тынчсыздануусун билдирип, бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова Бишкектеги №21-тергөө абагына 2 айга камалды. Ал "массалык баш аламандыктар" жана "улуттар аралык кастыкты козутууга" айыпталып, өткөн апта сонунда кармалган.