Президент Жапаров жумуш сапары менен Баткен, Ош облустарына барат

Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Жапаров Баткенде И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.

Ал Нооруз майрамына карата куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү жана Баткен облусун калыбына келтирип, коопсуздукту камсыздоо - эң башкы улуттук маселе экенин белгилеген.

19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам долбоору үч окууда бир каралып, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө гана - Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы макул деп добуш берди. (КЕ)

Дагы караңыз

Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШга өткөрүп берүүнү сунуштадыТрамп менен Путин Украинада ок атууну токтотууну талкуулаштыКыргызстанда сейрек ооруга чалдыккан балдарды колдоо фонду түзүлөтКиев менен Москва 175тен туткун айырбаштады