Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарына Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу маалымат 18-мартта мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Мындай чечим Эфиопия менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү үчүн кабыл алынганы жазылган.

Жарлыкта Министрлер кабинетине бул үчүн Тышкы иштер министрлигине дагы төрт штаттык бирдик кошуп берүү тапшырмасы коюлган.

Эфиопиядагы элчилик Кыргызстандын Африка континетинде жайгашкан өлкөлөрдөгү биринчи дипломатиялык мекемеси болмокчу.

ТИМдин сайтындагы маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 31 өлкөдө элчилиги, он шаарда башкы консулдугу иштеп жатат.

Дагы караңыз

Жалал-Абаддагы кырсык: мэр Токторбаев рулда инисинин уулу болгонун ырастады Израил Газа секторуна абадан соккуларын жанданттыЕБдин тышкы иштер министрлери Украинага жардам боюнча келишимге келе албадыЕврошаркет “Азаттык” радиосуна колдоо көрсөтүүнү талкуулады