Министрлик: Жүлүн булчуң атрофиясы менен ооруган 39 бала бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы менен 39 бала каттоого алынганын билдирди. Мекеме бул тууралуу 17-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 12си дарыланууда. Төрт бала чет өлкөлөрдө дарыланып жатса, сегизи Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө дары каражаттарды алууда.

“Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар "Рисдиплам" препаратын сатып алууга багытталган”, - деп жазылган маалыматта.

17-мартта Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова өлкөдө бул дартка 28 бала чалдыкканын билдирген. Балдарды дарылоо боюнча берген жообуна айрым депутаттар макул болбой, Саламаттык сактоо министрлигинин дарегине бир катар сын-пикирлер айтылган.

Учурда Кыргызстанда активисттер омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган үч балага каражат чогултуу өнөктүгүн жүргүзүп жатышат. Алар Zolgensma дарысы үчүн балдардын ар бирине 2 миллион АКШ доллары керектелерин, учурда Хамза аттуу бала үчүн керектүү каражат чогулганын жарыялашты. Дагы эки бала үчүн да акча топтоо уланууда.

Коомчулукта Кыргызстандын медицина тармагын, шарттарды жакшыртуу, элдин сапаттуу тейлөө алуусун камсыздоо талабы да айтылып жатат.

Дагы караңыз

Жалал-Абаддагы кырсык: мэр Токторбаев рулда инисинин уулу болгонун ырастады Еврошаркет “Азаттык” радиосуна колдоо көрсөтүүнү талкууладыМыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу Бакай-Ата районунун акими кармалдыАКШда киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү Бишкекке жеткирилди