Израил Газа секторуна абадан соккуларын жандантты

Газадагы талкаланган турак жайлар. Архив сүрөт.

Газадагы талкаланган турак жайлар. Архив сүрөт.

Шейшембиге караган түнү Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Бир катар маалымат агенттиктери жазгандай, Израилдин коргоо министри ЦАХАЛ “согуштук аракеттерди жандандырганын” жарыялаган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняхунун сөзүнө караганда, ал ок атышууну токтотуу режимин улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнү үчүн жооп катары сокку урууну тапшырган.

Израилдин коргоо министринин билдирүүсүндө согуштук аракеттер "барымтадагылар үйүнө кайтарылмайынча жана бул согуштагы бардык максаттарына жетмейинче" токтобой турганы айтылган.

АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобунун билдирүүсүндө Израилдин ок атышууну токтотуу келишимин бузушу "Газадагы туткундардын" тагдырына шек жаратарын белгиленген.

Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт Израил Трамптын администрациясына аба соккусу тууралуу алдын ала кабар бергенин билдирди.

Маалымат агенттиктери Израил бийлигиндеги булактарына таянып, ХАМАСтын жетекчилери, ортоңку даражадагы командирлери жана инфраструктурасы бутага алынганын маалымдашты. Басылмалар бул операция аба соккулары менен эле чектелбей турганын божомолдошууда.

15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.

Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүү башталмак. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралган.

Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бар деп жазышууда.

ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил жооп иретинде Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун убакыт ичинде "хамасчылар" башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси 45 миңден ашуун адам каза болгонун кабарлаган.

Дагы караңыз

Жалал-Абаддагы кырсык: мэр Токторбаев рулда инисинин уулу болгонун ырастады Еврошаркет “Азаттык” радиосуна колдоо көрсөтүүнү талкууладыМыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу Бакай-Ата районунун акими кармалдыАКШда киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү Бишкекке жеткирилди