Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абад шаарында төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында унаанын айдоочусу анын тууганы экенин тактады. Бул тууралуу 17-марттын кечинде Фейсбук баракчасына жазды.
“BMW үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты”, - деп жазды Токторбаев.
Мунун алдында Жалал-Абад шаарындагы жол кырсыгы тууралуу видеолорду социалдык тармактарга жарыялап, алардын айрымдары унаа Токторбаевдин уулуна таандык экенин, аны өзү башкарып баратканын жазышкан.
Жалал-Абад облустук милициясы 15-мартта 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылганын, анда жубайы менен уулу жана кызын тротуарда баратканда унаа сүзүп кеткенин билдирген. BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу качып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган.
Анын 2020-жылы туулган кызы окуя болгон жерде каза болгон. 2022-жылы туулган баласы жараат алып Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.
Жалал-Абад шаардык милициясы бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында шектүү катары Сузак районунун 2000-жылы туулган Ш.З. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жалал-Абад шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарган.