Мыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу Бакай-Ата районунун акими кармалды

УКМК тараткан сүрөт.

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн 11-мартта кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейин трансформация болбогон сугат, айдоо категориясындагы 163 жер тилкесин үй салуу үчүн менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган.

Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров бул кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, кармалып, Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факт боюнча 5-мартта Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Б. кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул ишке тиешеси бар башка жетекчилерди да аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды. Кармалган адамдардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (TAb)

Дагы караңыз

Көртис: “Азаттык” радиосуна каржы берүүнү токтотуу АКШ Конституциясына каршы келетМинистрлик тарыхый-маданий объектилерди 49 жылга чейин ижарага берүүнү сунуштады Боспиекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилдиЕврошаркет "Азаттыктын" айланасындагы окуяларды талкуулайт