"Акыркы кат": Төрөкулду тирүү деп 20 жыл күтүшкөн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов тууралуу “Акыркы кат” спектакли коюлду.

Чыгармада Кара-Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү күрөш, Төрөкул Айтматовдун жеке тагдыры, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы кандуу репрессия чагылдырылган.