"Кумтөр голд компани" ишканасы Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, эколог Адилет Усупбаевдин экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген билдирүүсүн четке какты. Компания тараткан маалыматта окумуштуунун айткандарына “объективдүү негиз жок” деп белгиленген.
“Учурда бош тоо тектеринин жылышы 2023-жылкы божомолдун чегинде гана турат жана 2025-жылга карата берилген божомолго жете элек. 2025-жылга карата божомолдуу чекке чейин 160 метр, ал эми Кумтөр дарыясына чейин бир чакырымдай аралык бар. Бош тоо тектеринин курамында зыяндуу химиялык элементтер жок жана экологияга коркунуч жаратпайт. Компания айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине, экологиялык талаптарга тыкыр көңүл бурат. Илимий коомчулукту, экологдорду далилсиз билдирүүлөрдү таратпоого чакырат”,-деп жазылган маалыматта.
Адилет Усупбаев жума күнү, 14-мартта Жогорку Кеңеште “Альянс” фракциясынын жыйынында Кумтөр кениндеги бош тоо тектеринин көчүшүн чукул арада токтотуу керектигин билдирген. Болбосо ал Кумтөр суусуна жетип, андан ары Нарын дарыясына, Өзбекстанга чейин агып барарын, аймакта экологиялык кырсык болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Мындан улам бош тоо тектери турган жерлерге алтыгана отургузууну сунуштаган.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Былтыр ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде алтындын жаңы кору табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген.