"Нооруз-2025" көк бөрү турнири өткөрүлбөй турган болду

Көк бөрү оюну. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт агенттиги көк бөрү боюнча "Нооруз-2025" республикалык турнирин өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясы 15-мартта социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Агенттик оюндар убактылуу токтогонун билдиргени менен так себептерин түшүндүргөн эмес.

"Ушундан улам "Көк бөрү" федерациясы катышуучу командаларга жана күйөрмандарга Нооруз турнири уланбай калганын жарыялоого аргасыз" деп жазылган баракчада.


12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун "Бүркүт" командасынын оюнчусу ат менен сүзгөн. Соккудан жараат алган улакчы жерге кулап, оюн эки саатка токтотулган. Милиция Сражидинов ооруканага бараткан жолдо үзүлгөнүн, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, оюндагы калыс жана атаандаш команданын оюнчусу камакка алынганын билдирген.

Бул окуядан улам оюндар убактылуу токтотулган. "Көк бөрү" федерациясы беттештер 15-марттан тарта уланарын билдирген.

"Көк бөрү" федерациясынан билдиришкендей, "Нооруз-2025" турнирин өткөрүүгө мамлекеттен 2 млн сом бөлүнгөн. Беттешке жалпы 32 команда катышмак.


Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойной турганы жана улак тайказанга салынары белгиленген. Андан бери оюн эрежелерине бир топ өзгөрүү кирген. Бирок айрым эксперттер улуттук оюнду заманбап, профессионал спорт түрүнө айлантуу үчүн дагы өзгөртүүлөр зарыл дешет.

"Көк бөрү" федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев былтыр оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жататБишкекте борбордук жылуулук 17-мартта өчүрүлөтОрусияда окуган түркмөнстандык студенттер тобу камакка алындыЗеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирди"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт