“9400 миң евро акчамды бербей жатат”. Европада фура айдаган кыргыздар иш таштады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Нидерландда кыргызстандык бир нече айдоочу иш таштап, жүк ташуучу унааларын токтотуп коюшту. Алар өздөрүн ишке алган Литвадагы логистикалык компания айлыктарын толук төлөбөй жатканына нааразы. Айрымдары иш берүүчүнүн басымына кабылганын айтууда. Компания "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.