Кыргызстандын 600 миңдей жараны чет өлкөлөрдө миграцияда

Европада фура айдап иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Европада фура айдап иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 600 миңдей жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Анын ичинен эң көбү - 379 949 жаран Орусияда, 70 миңдейи Казакстанда, Түркияда 32 миң чамалуу, АКШда 40 миңдей, Түштүк Кореяда 17 миң, Германияда 15 миң, Бириккен Араб Эмирлигинде 10 миңдин айланасында кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 13-мартта журналисттерге билдирди.

Министрдин орун басары Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканына байланыштуу мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чыгаруу чаралары күчүнө киргенин белгиледи.

Бул аралыкта Орусиянын Статистикалык комитети миграциялык мыйзамдар катаалдашканына карабай, мигранттардын өлкөгө кирүүсү көбөйгөнүн маалымдады. Ага ылайык, 2024-жылы Орусияга кирген адамдардын саны 568 500 адамга көбөйгөн. Бул 1995-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч деп жазылган анда.


2023-жылы Орусияга кирген мигранттардын саны 203 600 деп саналган.

2024-жылы 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, башка өлкөлөрдөн барган жарандар кыйын кырдаалга туш болууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Кара-Сууда тергөөчү тапанчасынан ок чыгарган окуя териштирилип жататКыргыз-тажик чек арасы: "Кызыл-Бел" бекети ачылды Бишкек Вашингтондон жарандарын АКШда мыйзамдуу ишке орноштурууга көмөк сурадыУкраина: Орусиянын чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар барОрусиянын беш аймагында өнөр жай объектилери чабуулга кабылды