Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчүнүн тапанчасынан ок атылган окуя министрликтин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын кабарлады.
Мекеменин маалыматына ылайык, 13-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кыздын тапанчасынан ок атылган. Ок жерге тийип, эч ким жабыркаган эмес.
Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, окуянын чоо-жайы такталып, жеринде тергөө-ыкчам тобу иш жүргүзгөнү айтылды. Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары райондук милицияда иштеген тергөөчү кыз кызматтан алынганы тууралуу маалыматтан кийин тапанчасынан ок чыгарганын жазышты. (BTo)