Орусиянын беш аймагында өнөр жай объектилери чабуулга кабылды

Дрон чабуулуна туш болгон Ростов облусундагы өнөр жай объектиси. (архивдик сүрөт)

Дрон чабуулуна туш болгон Ростов облусундагы өнөр жай объектиси. (архивдик сүрөт)

Өткөн түнү абадан сокку Орусиянын Саратов, Тамбов, Калуга, Ростов жана Воронеж облустарындагы өнөр жай объектилерине жасалды.

Маалыматка караганда, дрон чабуулуна Саратов облусунун Петров районунда адам жашабаган имараттары туш болду. Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары Украинанын куралдуу күчтөрү "Лютый" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул жасаганын жазышты.

Тамбов облусунун башчысы Евгений Первышов Моршан районуна үч украиналык дрон түшүп, натыйжада өндүрүш ишканаларынын биринин инфраструктурасы жабыркаганын маалымдады. Облус башчынын айтымында, каза болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Калуга облусунда дрон чабуулунан Дзержинск районундагы өнөр жай ишканасында өрт чыкты. Облус жетекчиси Владислав Шашпа ишкананын түнкү нөөмөттү кызматкери жеңил жаракат алганын билдирди. Хвастович районунда чабуулдун кесепетинен байланыш жана электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Ростов облусунда дрон Шолохов районундагы өнөр жай ишканаларынын бирине кулап, өрт тутанды. Бул маалыматты губернатордун милдетин аткаруучу Юрий Слюсар ырастады. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев шаршемби күнү кечинде аймакка абадан сокку урулуп, бир "инфраструктуралык объектиде" өрт чыкканын кабарлады. Губернатор сөз кайсыл объекти тууралуу болуп жатканын тактаган жок. Облус башчысы өрт өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин билдирди. Анын айтымында, аймакта аба соккусуна байланышкан коркунуч жогору.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү кечинде жана бейшембиге караган түнү абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 77 дронун атып түшүргөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, Брянск облусунда 30, Калугада 25, Курск жана Воронежде алты, Ростов жана Белгород облустарында бештен дрон атып түшүрүлдү.

Федералдык аба транспорту агенттиги Калуга, Волгоград жана Саратов аэропорттору каттамдарды кабыл алууга жана учууга чектөө киргизгенин кабарлады. Ушундай эле чектөөлөр Пенза аэропортунда да жарыяланды.

Орусия Украинага бастырып кирген үч жыл ичинде орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана газ инфратүзүмүнө утур сокку уруп келет. Киев ага жооп иретинде Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп жатат. (AiA)

Дагы караңыз

Орусиянын жаза аткаруу мекемелеринде 20 миңдей борбор азиялык кармалып туратЖККУ кыргыз-тажик чек арасынын такталышын кубаттадыЖогорку Кеңеш мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алуу демилгесин колдоду