Министрлик аскер лицейинин курсанттары уруксатсыз чыгып кетишкенин билдирди

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи.

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи.

Коргоо министрлиги Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинин 2-курсунун студенттери 7-мартта өз билемдик менен чыгып кетип калышканын билдирди.

Буга курсанттар лицейдин педагогикалык жамаатынын талаптарын түшүнбөй калганы себеп болгону айтылды. Ушул тапта лицейдин курсанттарына жана кызмат адамдарына байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Коргоо министрлиги баш-аягы канча курсант чыгып кеткенин, алар кайра аскер лицейине кайткан-кайтпаганы тууралуу маалымат берген жок.

2019-жылы да ушул эле аскер лицейинен 50дөн ашык курсанты уруксатсыз чыгып кетип, кайра окуу жайга кайтып келишкен. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик чек ара келишимине кол койдуЖогорку Кеңеш мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алуу демилгесин колдодуАйжан Алыкулованы өлтүрүүгө айыпталган адам 15 жылга кесилдиКыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылдыЖогорку сотто Аскат Жетигендин кассациялык арызын кароо 18-мартка калдыАйжигитовго ЖКда борбордук трибунадан сүйлөөгө бүгүн да уруксат берилген жок ӨКМ: Оштогу жер титирөөдөн 12 мектеп, 25 үй жабыркады