Жогорку сотто Аскат Жетигендин кассациялык арызын кароо 18-мартка калды

Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

13-март күнү Жогорку сотто жарандык активист, ырчы Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызы каралды. Соттук отурумга анын өзүн алып келишкен жок. Адвокаттар толук экспертиза жүрбөгөндүгүн айтып, Аскат Жетигенди актоону суранды.

Прокурор Тимур Карабаев активистти "социалдык тармактарда башаламандыкка ачык чакырык кылган" деп, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырууну суранды.

Сот кеңешүүгө кеткенден көп өтпөй отурум 18-мартта уланарын жарыялады.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча былтыр 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Бишкек шаар соту 17-октябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.


Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (KE/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылдыКыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлдуРахмон менен Жапаров "Ынтымак ордодо" жолугушууда Айжигитовго ЖКда борбордук трибунадан сүйлөөгө бүгүн да уруксат берилген жок Трансатлантикалык соода согушунда атылган биринчи "ок"