Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, 12-мартта саат 9:11де Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен жалпы облус боюнча 25 үй, 12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.
Анын ичинде Алай районунда 13 үй жабыркаган, бири кооптуу абалда, Жаңы-Алай айылында үйлөрдүн дубалдарында жарака пайда болгон. Жарандык коргонуу комиссиясы үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныктап, акт түзүлгөн. Бул үйлөрдүн жетөө камсыздандырылган, алтоо камсыздандыруудан өткөн эмес.
Кара-Суу районунда 12 мектеп, 12 үй, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Жоош айыл аймагында 7 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй, Ала-Тоо айыл аймагында 1 мектеп, Датка айыл аймагында 3 мектеп, Мады айыл аймагында 7 үй, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу, Савай айыл аймагында 1 мектеп, 3 үй, Баш-Булак айылында 1 үй жабыркап, дубалында жарака пайда болгон.
Жарандык коргонуу комиссиясы эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгонун аныктап, акт түзүлгөн. Бул үйлөрдүн төртөө камсыздандыруудан өткөн, 8 үй камсыздандырылган эмес.
12-мартта саат 9:11де Ош облусунда жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген.(ZKo)