УКМК "Насоновское" алтын кенине Камчыбек Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирди

Клооп сайтынын эмблемасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Клооп сайтынын эмблемасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Клооп жана Темиров Live сайттарында жарыяланган маалыматтарды төгүнгө чыгарууда.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-мартта аталган сайттардын "Насоновское" алтын кенине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси болушу ыктымал деген маалыматын жокко чыгарып, аталган кендин жалгыз ээси - учурда Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) иши боюнча кылмышка айыпталып жаткан кыргызстандык Азрет Боотаев аттуу жаран болгонун маалымдады.

УКМК аталган кенге жана аны иштетүүгө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси болбогонун жана болбосун кошумчалады.

Маалыматта ошондой эле аталган алтын кени маркум Көлбаевге тиешеси болбогону тергөө учурунда аныкталганы жазылган.

Мындан тышкары, "Тергөө иш-чараларынын учурунда "Насоновское" алтын кени Боотаев тарабынан "Консульере Групп" компаниясына атайын келишимдин негизинде, кен иштетүүгө инвестиция тартуу шарты менен сатылганы аныкталган. Бирок кийинчерээк "Консульере Групп" алган милдеттерин аткарбай, ошол эле учурда жергиликтүү бийликке социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, салыктан карызы бардыгы, ошондой эле комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестиция тартпаганы аныкталган", деп жазылган.

2025-жылдын 12-март күнү "Насоновское" алтын кенин иштетүүгө берилген лицензиясы жокко чыгартылып, мамлекеттин балансына - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлүп берилди.

Коопсуздук кызматы "коомчулуктун көңүлүн будамайлоого кызыкдар тараптардын жалган маалыматтарына" ишенбөөгө чакырды.

Клооп сайты 10-март күнү иликтөөсүн жарыялап, 2023-жылы 4-октябрда УКМК тарабынан өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн көп өтпөй ишкер Азрет Боотаев кармалып, ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылганын жазган.


Иликтөөдө Боотаевдин Чүйдөгү Насоновское алтын кенин иштетүүгө лицензиясы болгону, бирок ал кармалгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин лицензиясына ээлик кылган "Акжолтой Майнинг" компаниясын Артур Алыбаев аттуу ишкерге жана "Консульере Групп" атту компанияга өткөрүлүп берилгени, Артур Алыбаев УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин досу Айбек Алыбаевдин уулу экени айтылган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн жана ал мыйзамсыз тапкан делген мүлкү мамлекетке алынган. Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делген бир нече жарандар, ишкерлер кармалган. (ZKo)

Дагы караңыз

Улакчынын өлүмүнө байланыштуу калыс жана бир оюнчу кармалдыГрузия: Aбактагы экс-президент Саакашвили дагы тогуз жылга кесилди "Зомбулукта 800дөн ашуун адам өлтүрүлдү". Сирияда эмне болуп жатат? АКШ Украинага аскердик жардамды жандантканы кабарланды Орусиянын жаза аткаруу мекемелеринде 20 миңдей борбор азиялык кармалып турат