Орусиянын жаза аткаруу мекемелеринде 30 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран кармалып турат, алардын 69,5% же 20 миңден көбү борбор азиялыктар экенин мекеменин директору Аркадий Гостев билдиргенин "Интерфакс" агенттиги жазды.
"Чет элдиктердин концентрациясы жогорулады, алардын саны 2025-жылдын 1-январына карата 30 028 адамды түздү", – деди Федералдык жаза аткаруу кызматынын жыйынында.
Гостев чет элдик жарандардын көбөйүшү менен абал да кооптуу болуп баратканын белгиледи. Ал кошумчалагандай, чет элдиктер түрмө кызматкерлерин барымтага алуу же качып кетүү сыяктуу учурлар да катталган.
Эске салсак, былтыр август айынын соңунда Волгоград облусунун Суровикино шаарындагы №19 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандар дисциплинардык комиссиянын жыйынында бир нече адамды барымтага алышкан. Жаза аткаруу кызматынын төрт өкүлү набыт болгон. Күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын алкагында барымтага алынгандар бошотулуп, ал эми кылмышка шектүүлөр жок кылынган. Алардын айрымдары борбор азиялыктар экени кабарланган.
2024-жылы чет мамлекеттердин суранычы боюнча Орусия 877 шектүү жана айыпталуучуну, ошондой эле 224 соттолгон жаранды жазасын өз мекенинде өтөөнү улантуу үчүн өткөрүп берген.
Кыргызстандын бийлиги Орусияда түрмөдө жүздөгөн кыргызстандык жазасын өтөп жатканын билдирип келет.
9-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Владимир Колокольцев "көзөмөлгө алынган адамдардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик киргизилгенин билдирди.
Анын айтымында, реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө келип, өз статусун легалдаштырып, зарыл документтерди тапшырышы керек.
Чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри 5-февралдан тартып иштей баштаган.
Бул демилгени Орусиядагы миграция мыйзамдары күчөтүлүп жаткан маалда, "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Мамлекеттик Думанын депутаттары сунуштаган.
Мындан тышкары, орус бийлиги нике аркылуу жеңилдетилген тартипте ВНЖ (убактылуу жашоого уруксат) алууну чектеп, жаңы депортация режимин бекитип, орус тилин билбеген мигрант балдарды мектепке кабыл алууга тыюу салды.