Кечки радио эфир | 11.03.2025 | Сауд Арабиясында Украина-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Украина менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Ага Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда.