Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-мартта Бишкектин Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрттөн төрт машине толугу менен күйүп кеткенин билдирди.
Өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Аны өчүрүүгө үч өрт өчүрүү автоунаа тартылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)
Дагы караңыз
Тасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айттыАбхаз, армян номурлуу машинелерди каттоону 15-мартта баштоо сунушталдыТажикстан: активисттер Рахмондон журналист Хакимованын өкүмүн жеңилдетүүнү сураныштыСирияда өкмөттүк күчтөр менен Асаддын тарапташтары кармашып, ондогон адамдын өмүрү кыйылды УКМК ИИМдин тергөөчүсү 5 миң доллар пара менен кармалганын билдирдиТаласта мыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу үч адам кармалды“Ош базары” көчүрүлгөндөн кийин ал жерде соода кылууга толук тыюу салынат