Бишкек-Ош жолунда тайгак жана бороон болуп жатканына байланыштуу жолдун Жайыл району тараптан "Сосновка", Токтогул району тарабынан "Арал" бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, "Арал" бекетинде чектөө 7-март, саат 6:30дан тарта киргизилсе, "Сосновка" бекетинде 7-март, саат 22:00дон тартып киргизилет.
Бул чаралар жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында көрүлүп жатканы кабарланды.
Метеорология кызматы Кыргызстанда 7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.
Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул күндөрү жолго чыкпай туруу, ал эми жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунуш кылынган.(ZKo)
Дагы караңыз
"Казына үчүн пайдасы жогору". Ички карыз эмне үчүн көбөйүүдө?УКМК ИИМдин тергөөчүсү 5 миң доллар пара менен кармалганын билдирдиТаласта мыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу үч адам кармалдыСаясий партияларды каржысы боюнча отчет берүүгө милдеттендирүү сунушталдыЕвробиримдик лидерлери коргонууга бөлүнүүчү каражатын көбөйтүү планын бекитишти“Ош базары” көчүрүлгөндөн кийин ал жерде соода кылууга толук тыюу салынат