Абхаз, армян номурлуу машинеси барлар акцияга чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразылык билдирип, Бишкектеги Горький паркына акцияга чыгышты. Чогулгандар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду азайтууну, катталган аймагына жараша номур берүүнү жана учурда жүрүп жаткан рейддерди токтотууну суранып, президентке кайрылышты.