Кечки радио эфир | 02.03.2025 | Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат. Ага чейин премьер Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу убактылуу жарашууну алты жумага узартууга көнбөй койгонун билдирген.

Эл аралык арачылардын жардамы менен жетишилген келишимдин биринчи баскычы жекшембиге караган түнү соңуна чыккан. ХАМАС кысымга моюн сунбасын эскертип, экинчи баскычка өтүү керек деп айтууда.