Жалал-Абад шаарында мектепти куруу учурунда 6 млн сомдон ашуун акчаны ыйгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айдин Дегенбаев "Азаттыкка" билдирди. Ал ишти учурда УКМК тергеп жатканын кошумчалады.
"Жалал-Абад шаарынын Масадан айылындагы Фуркат атындагы орто мектебин курууда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган. "К" аталышындагы ишкананын кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 6 млн 321 миң 623 сом зыян келтирилгени аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2- бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 379-беренесинин 1-2- бөлүктөрү ("Документтерди жасалмалоо") жана 210-беренесинин 4- бөлүгүндө ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди", - деп билдирди ал.
610 орунга ылайыкталган мектептин курулушу бир топ жыл токтоп калып, кайра 2018-жылы жанданган. Анын сметасы ошол кезде 67 миллион сомго бааланган. Убакыттын өтүшү менен курулуш баалары эске алынып, жалпы 79 млн 936 миң сомго бааланган. Мектеп 2024-жыл бүткөрүлүп, пайдалунууга берилген. (ТВ)
Дагы караңыз
Румынияда президенттикке талапкер болгон Жоржескунун ишине байланыштуу 18 киши камалды Орусияда жаңы төрөлгөн ымыркайды өзүнө каттаткан кыргызстандыктар кармалганы кабарландыГрецияда темир жол кырсыгына байланыштуу демонстрациялар өтүүдөТемирболот Абыкеев Баткен шаарына мэр болуп дайындалды