Бишкектин Айтматов проспектинде кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат

Чыңгыз Айтматов проспектиндеги бак-дарактар. 15-ноябрь, 2024-жыл. (Азыр бул дарактар жок)

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири - Айтматов проспектиндеги кыйылган дарактардын ордуна жаңы, жаш көчөттөр отургузулат. Көчөт отургузуу март айында башталат. Бул тууралуу 27-февралда Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңеште депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жалпысынан борбор калаага 12 миң жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарак тигилет. Мындан тышкары "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында Бишкекке дагы 2 миң түп дарак отургузулат.

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы теректерди кыюуну ордуна жаш бак отургузуу максаты менен түшүндүргөн. Мэрия муну дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болуп, алар картайып, кооптуу болуп калганын жүйө кылган.

"Арча демилгеси" коомдук фонду 2024-жылы Бишкек шаарындагы 250 миңдей түп бак-дарак Бишкектин аянтынын 10% да түзбөсүн белгилеп изилдеп чыккан.(ZKo)

Дагы караңыз

Стамбулда АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин иши боюнча сүйлөшүүлөр башталдыТаласта айылдык кеңештин төрагасы мыйзамсыз жер берүүгө шектелип кармалдыКардиохирургия институтундагы өрткө байланыштуу 9 дарыгер убактылуу иштебей туратСеул Түндүк Корея Орусияга кошумча миңдеген аскерлерди жөнөткөнүн билдирди"Жакшы окуган балдардын бири эле..." Бир айда тогуз өспүрүмдүн өмүрү кыйылды