Раймалы менен Бегимайдын махабаты сахнада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Улуттук филармонияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли тартууланып жатат. Бул долбоор жаш муунга улуттук өнөрдү, баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулган.

Этно-мюзиклге Улуттук филармониянын дээрлик бардык ырчы-чоорчулары, оркестрлери катышууда.