Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына караганда, 21-февралда саат 22:36 чамасында милициянын "102" кызматына Орок айылында 26 жаштагы сиңдиси зордукталганын айткан жаран кайрылган. Арыз ээси сиңдисин жеткирип келе жаткан таксист зордуктаганын билдирген.
Райондук милициянын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кардар катары жеткирип бараткан кызды зордуктаганы аныкталган. Учурда тергөө уланууда.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгон.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. (ZКo)
Дагы караңыз
Трамп Зеленский менен "ушул же кийинки жумада" жолугушуусу мүмкүн экенин билдирдиБишкекте милициянын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалдыОрус бийлиги согушка катышып, башпаанек сураган казак жаранынын өтүнүчүн кабыл алды Касымалиев менен Токаев чек арадагы жүк текшерүүнү жеңилдетүүнү талкууладыУкраинада дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар