Касымалиев менен Токаев чек арадагы жүк текшерүүнү жеңилдетүүнү талкуулады

Адылбек Касымалиев менен Касым-Жомарт Токаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астанадагы расмий сапары алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу маалымат кыргыз өкмөтүнүн сайтына 25-февралда жарыяланды.

Ага ылайык, тараптар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жоюу үчүн электрондук система киргизүүнү, өткөрүлүп жаткан жүктү текшерүүнү жеңилдетүүнү талкуулашты.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана толук ишке ашыруу маселелери каралды.

“Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүлдү”, - деп жазылган маалыматта.

Адылбек Касымалиев Астанага сапарынын алкагында 24-февралда Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов менен жолугуп, эки мамлекеттин кызматташтыгын талкуулаган. Анда 2024-жылда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн долларды түзгөнү, 2030-жылга чейин 3 млрд долларга жеткирүү керектиги белгиленген.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. "Каркырадан" тышкары Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт.

Чек арада жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги утур-утур катталып турат.

Дагы караңыз

Конгодо белгисиз оору эки күндө 50дөй адамдын өмүрүн алдыБишкекке Европарламент делегациясы келгени кабарландыОрусиянын Франциядагы консулдугуна кол салуу үчүн эки киши кармалдыОрус армиясы Украина аймагына "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар менен чабуул койду