Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну К.Н. үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалып, соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга анын мурдагы жубайы К.А. жазган арыз негиз бергенин Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 24-февралда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-февралда Каракол ШИИБине арыз менен шаардын 32 жаштагы тургуну К.А. кайрылып, 18-февралда саат 21:30 чамасында үйүнүн алдынан мурунку жолдошу К.Н. кезигип, чыр чыгарып, жыйынтыгында сабап, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.
Милиция тергөөгө чейинки териштирүү алкагында жабыркаган аялдын жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен иш козголгон.
Шектүү 31 жашта экени, экөө 2016-жылы баш кошкондон үч жылдан кийин ал жубайына түрдүү зомбулук көрсөтүп келгени, келин Каракол милициясына буга чейин жардам сурап жети жолу арыз менен кайрылганы маалымдалды.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Адвокат Самат Матцаков тил каттын негизинде камактан чыктыАКШ менен Өзбекстан "минералдарга жана өзөктүк технологияга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн" талкуулаштыКыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн Байсалов да айттыКыргызстан Украинада тынчтык орнотуу аракеттерин кубаттай турганы белгилендиИИМ жапырт башаламандык уюштурууга шектүү 11 киши кармалганын маалымдады