Бишкек: Украинага тилектештик билдирген активисттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

24-февралда Украинанын Бишкектеги элчилигине 30га чукул активист чогулду. Акциянын катышуучулары үч жылдын аралыгында согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты.

Бул арада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында сүйлөп жатып, Кыргызстан Украинада бекем тынчтыкты орнотуу максатында жүргүзүлүп жаткан эл аралык аракеттерди кубаттарын белгиледи.