ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга шектүү 11 киши кармалганын маалымдады

ИИМ тараткан сүрөт.

ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги 24-февралда “Кырк уруу, жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү “зомбулук көрсөтүү менен коштолгон массалык башаламандык уюштурууга” айыпталып кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 20-декабрда бул бирикменин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция-митингдерин уюштуруп жатканы тууралуу ыкчам кабар келип түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу") негизинде иш козголуп, 24-февралда министрликтин Тергөө кызматы алардын айрым мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

“Тинтүү учурунда далил катары граната, чолок мылтыктар, тапанча жана ок-дары, камуфляж кийимдер, атайын беткаптар, баңгизат, диний китептер, массалык башаламандык уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарак, унаа номурлары, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдар табылган”, - деп жазылган маалыматта.

ИИМ кармалган жалпы 11 киши Тергөө кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты да бар экенин белгиледи. Мекеме анын аты-жөнүн тактаган жок, бирок маалыматтагы инициал жана туулган жылы Бакыт Керимбековдун аты-жөнүнө туура келет. Ал 2002-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

ИИМ 2021-жылы да "Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" лидери жана мүчөлөрү, жалпысынан 11 адам кармалып, алардын үчөө Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирген. Аларга Жазык кодексинин 267-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Алматыда Украинаны колдоп пикетке чыккан орусиялык жаранды полиция кармап кеттиКардиохирургия институту убактылуу башка имаратта иштей баштайтУкраинадагы согуштун үч жылдыгына дүйнө лидерлери Киевге барыштыКыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн Байсалов да айтты