24-февралда Украинанын Бишкектеги элчилигинде 30га чукул активисттер көңүл айтуу акциясын өткөрүштү.
Катышуучулар үч жылдан бери согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты.
Активисттер менен украин элчиси Валерий Жовтенко жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер баштаган дипломаттар жолугуп, ыраазычылык билдиришти.
Орусия мындан туура үч жыл мурда - 2022-жылы, 24-февралда Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.
Кремл көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирүүдө.(MKt/ZKo)
Дагы караңыз
Израил 602 палестинди бошотууну башка убакытка калтырдыЭл акыны Нурпаис Жаркынбаев каза болдуМыйзамсыз кирген автоунааны легалдаштыруунун болжолдуу баасы айтылдыЗеленский эгер Украинанын тынчтыгы үчүн зарыл болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты