24-февралдын аба ырайы: Айрым тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргызгидрометео борбору кабарлагандай, 24-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдордо тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 14 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Баткен аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 15…17° болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Дагы караңыз

CPJ уюму жалаа жана мазактоо боюнча мыйзамга байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылдыТранспорт департаментинин башкы адиси пара алууга шектелүүдөБарскоондо окуучу кыздын өлүмүнө шектүү кармалдыБолгарияда демонстранттар Евробиримдик кеңсесине чабуул коюшту