Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда жеке менчик жогорку окуу жайларды ачууга лицензия берүүгө убактылуу мораторий жарыялоо тапшырмасын берди.
Мындай чечим 21-февралда өкмөттүк коллегияда кабыл алынды. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине аккредитациялоо жол-жоболорун жакшыртуу, лицензиялык жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерди аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза колдонуу боюнча да тапшырмалар берилди.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80ден ашык жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен 31и мамлекеттик, эки жогорку окуу жайдын эл аралык деген макамы бар. (BTo)
Дагы караңыз
Украина Орусиянын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирдиКыргызстанда жети райондун акими кызматтан алындыПрезидент Barça академиясынын курулушу боюнча журналисттик иликтөөгө жооп бердиСот арачылар институтун ишке киргизүү 2035-жылга чейин жылдыКыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды