Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин жолугушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда Ак үйдө журналисттерге айтты.
“Биз миллиондогон адамдардын бейажал өлүмүн токтоткубуз келет. Менин оюмча тынчтык макулдашууга жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мен Орусия муну каалап жатканына ынанышым керек”, – деди ал.
Дональд Трамп андан тышкары АКШ Украина менен кен байлыктар боюнча макулдашууга кол коюуга жакын калганын кошумчалады.
Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда кендерди иштетүү боюнча келишимге токтолуп, адилет жыйынтык болоруна үмүт кыларын айтты.
Трамп Украинадагы согушка байланыштуу ушул аптада Украинанын да, Орусиянын да президенттери менен телефондон сүйлөштү. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда жети райондун акими кызматтан алындыӨзбекстандын жана АКШнын башкы дипломаттары мыйзамсыз мигранттар тууралуу сүйлөштүМаданият министри Максүтовдун ордуна Мирбек Мамбеталиев убактылуу дайындалдыМуфтият сөөк коюуга байланыштуу фатва чыгардыНовосибирск: Кыргыз мигрантка болушкан орусиялык депутатка чара көрүлдү Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасы боюнча толук макулдашууга жетишилгенин жарыялашты Өзбекстан ислам темасына адистешкен Azon порталынын негиздөөчүсүнө издөө жарыяладыРубио Трамп менен Путиндин жолугушуусу тууралуу суроого жооп берди