Өзбекстан ислам темасына адистешкен Azon порталынын негиздөөчүсүнө издөө жарыялады

Алишер Турсунов.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги ислам темасына адистешкен Azon Global маалыматтык-аналитикалык порталынын негиздөөчүсү Алишер Турсуновго (Мубашшир Ахмад) издөө жарыялаганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Турсуновго Кылмыш-жаза кодексинин 244-2-беренесинин ("Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык же тыюу салынган башка уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу") негизинде кылмыш иши козголду.

Турсунов акыркы жылдары Түркияда жашап жүрөт. Ал 2023-жылы декабрда Түркияда кармалып, Стамбулдагы депортация борборунда эки отурган. Басылманын маалыматы боюнча 2024-жылдын 21-февралында камактан бошотулган. Аны камакка алуунун себептери айтылган эмес.

Өзбек өкмөтү буга чейин Azon медиа (Azon Global мурда ушинтип аталган) порталынын ишмердүүлүгүн сындап, 2021-жылы Ташкенттин соту анын төрт кызматкерине "Өзбекстандын эл аралык мамилелерине доо кетириши мүмкүн деген диний материалдарды таратканы үчүн" айып пул чегерген.

2023-жылдын августунда Azon медиа Өзбекстандагы бардык долбоорлорун токтотуп, ноябрда Azon Global порталы ишке киргизилген. (AiA)

Дагы караңыз

Маданият министри Максүтовдун ордуна Мирбек Мамбеталиев убактылуу дайындалдыРубио Трамп менен Путиндин жолугушуусу тууралуу суроого жооп бердиG7 Украинадагы согуштун үч жылдыгына байланыштуу коммюникени жумшартты