Алар казакстандык кесиптештер менен кызматташып, жаш актерлордун чеберчилигин арттыруу үчүн мастер-класстарды уюштурууда. Театрга "Азаттыктын" кабарчысы Талгат Абжалил уулу барып келди.
Жалал-Абад: Театр күткөн көрөрман
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Эл жазуучусу Мар Байжиевдин калемине таандык, Эл артисти Бакыт Жумалиевдин режиссёрлугу менен коюлган "Он экинчи күн" комедиясы тартууланды. Театр быйыл көрөрмандарга жаңы репертуарын сунуштап жатат.