"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору кызматтан алынды

"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев кызматынан өз арызы менен кеткенин 20-февралда "Азаттыкка" ырастады. Ал кызматтан кетүүсүнө MCN coin криптоактивин жарнамалоо маселеси себеп болбогонун белгиледи.

Басылмага жаңы башкы редактор болуп ким дайындалганы азырынча расмий маалымдала элек.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда MCN coin криптоактивине акчасын алдаткандардын арызынын негизинде былтыр сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" деген беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кеминде эки киши кармалганы маалымдалды.

MCN coin криптоактивин жарнама кылды деп сынга кабылгандар арасында өкмөткө караштуу “Эркин Тоо” гезити да бар экенин, аталган басылмага өткөн жылы октябрь айында криптоактивди уюштурду делгендердин үч маеги жарыяланганын иликтөөчү журналисттер аныктап чыгышкан. Бирок Наралы Асанбаев гезит аталган криптоактивди алууга жарандарды үгүттөбөгөнүн "Азаттыкка" билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Ноокатта мектепте сабалган кыздын апасы бийликке кайрылдыСеул Түндүк Кореянын Украинада туткунга түшкөн аскерлерин кабыл алууга даяр экенин билдирдиMCN coin, "Талас алтыны", "Элдик лотерея", эшектин эти чууларында аты аталган Юруслан Тойчубеков ким? Москвада кыргызстандык жаран "терроризмди актоо" үчүн соттолгону кабарланды