Жогорку Кеңеште бизнес-акыйкатчынын иши тууралуу маселе көтөрүлдү

Гуля Кожокулова

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова парламенттин 19-февралдагы отурумунда Салык кодексинин өзгөрүүсү менен ишкерлерге бир топ кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилеп, ушундай учурда алардын кызыкчылыгын коргоочу бизнес-акыйкатчы институту унчукпай жатканын сынга алды.

"Бизде деген бизнес-акыйкатчы бар. Бирок ушул убакка чейин мен Салык кодекси тууралуу алардан бир да сунуш же сын уга албадым. Эмнеге алар унчукпай отурат? Эмне үчүн иштебейт?" - деди Кожокулова.

Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, коррупцияны азайтуу жаатында иштей турган бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтом 2018-жылы 31-декабрда чыккан. Анын ишмердиги Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын акционерлеринин атайын фондунан каржыланып келген.

2019-жылы бизнес-акыйкатчы болуп Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит шайланган. 2022-жылы сентябрда көзү өтүп кеткенине байланыштуу анын милдетин аткаруу Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы төрагасы Нурлан Мүсүралиевге жүктөлгөн.

2022-жылы сентябрь айында бизнес-акыйкатчы мамлекеттик органдардын ишкерлерге басымы боюнча даттануулар көбөйгөнүн билдирип, бийликке кайрылганы бар.

2023-жылы апрель айында Европа реконструкцилоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтотконун маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын соккусунан Одессада жүздөгөн турак жайлар жарыксыз калдыБарскоондо асынган абалда табылган окуучу кыз ооруканада каза болду Майыптыгы барлардын жардамчыларына бир жылда жалпы 131 млн сомдук айлык акы төлөндүЖАК Махабат Тажибек кызына коркутуу болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү УКМК сот аткаруучулар түзүп алган жемкорлук схемасына бөгөт коюлганын билдирди