Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылыгын токтотконун билдирди

Темирлан Султанбеков сотто. Бишкек. 29-январь, 2025-жыл.

"Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күндөн бери кармап жаткан ачкачылык акциясын убактылуу токтотту. Мындай маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында ал магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун айткан.

Орозо бүткөндөн кийин ачкачылыгын уланта турганын билдирген.

"Тилекке каршы бизде башка жол жок", - деп жазган.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков 13-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган күндөн тартып, нааразылык катары саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары анын саламаттыгы начарлап бара жатканын айтышып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранышкан.

8-февралда Свердлов райондук сотуна бөгөт чарасын узартуу каралып жаткан чакта Султанбеков өзүн жоготуп жыгылганы кабарланган.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Алар өздөрү мунун артында "саясий максат" турганын айтып, айыптоолорду четке кагып келишет.

Аларга Бишкек шаардык кеңешине шайлоону утурлай Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй СД партиясы шайлоодон четтетилген. Камактагы мөөнөттөрү улам узартылып жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

“Айкөл-5” менен “25-кадр” компанияларынын макулдашуусуАйрым кризистик борборлор жабылуу коркунучунда экенин билдириштиКыргыз паспортун саткан орусиялык ортомчулар "Кичүү кызы эмчекте эле". Тажик журналист Рухшона сегиз жылга эмнеге кесилди?ЖК депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты