Кечки радио эфир | 17.02.2025 | АКШда Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашуун мигрант Панамага депортацияланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын New York Times жана Reuters жазды. Маалыматта 12-февралдын кечинде Калифорниядан чыккан Кошмо Штаттардын аскердик-аба күчтөрүнүн учагында 119 киши болгону, алардын арасында Өзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Түркиядан барган үй-бүлөлөр бар экени айтылган.