Ишембиде Индиянын борбору Дели шаарынын темир жолунда кеминде 18 адам тебелендиде калып каза болду. Анын ичинде төрт бала бар. Көптөгөн адамдар жаракат алышты.
Темир жол бекетинде поезддердин кечигүүсүнөн улам миңдеген адамдардын сүрмө тобу пайда болгон. Буга Индиянын Праяграж шаарында өтүп жаткан ири диний Маха Кумбха Мела фестиваль себеп болгон. Бул майрам 144 жылда бир ирет өтөт. Бир нече күнгө созулуучу бул майрамга жүз миллиондой чамалуу киши катышары күтүлүүдө.
Би-Би-Си маалымдагандай, Нью-Дели бекетиндеги тебелендиде каза болгондордун көпчүлүгү Праяграждагы фестивалга бараткандар жана кайткандар болгон.
Январдын аягында дагы бир диний фестивалда 12 зыяратчы тебелендиде калып каза тапкан.
Дагы караңыз
Кыз-келиндерге ыдык канткенде токтойт? Каниметова: Курманжан Даткадан сабырдуулукту үйрөндүм Мексика-АКШ чек арасы: "CBP One жабылса деле кыргыздар артка кайткан жок" Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Навальныйдын элеси эскерилет Москвада кыргызстандык таксист травматикалык куралдан жараат алганы кабарланды