16-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

16-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6

Нарын облусунда тункүсүн -11…-16, күндүз -4…+1

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° болот.

Дагы караңыз

ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч кишини бошоттуТүркмөнстандык активист Түркиядан чыгарылышы мүмкүн экенин билдирдиАтатүрк паркы: Мэриянын билдирүүсү, Консоттун талкууга түшкөн чечими "Так жооп ала албай жүрөбүз". Өлкө туусун көтөргөн параспортчулар үйлүү болгусу келетЭл артисти Замирбек Үсөнбаевдин "Эскерүүлөр" китеби жарык көрдүЖурналист Нарын Айып акыркы сапарга узатылдыБишкекте 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилди