Зеленский украин армиясын 1,5 млн аскерге чейин көбөйтүү зарылдыгын билдирди

Владимир Зеленский

Эгер Украина НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн 1,5 миллион аскерден турган армия керек болот. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Мюнхенде ачылган коопсуздук конференциянда сүйлөгөндө билдирди.

Зеленский белгилегендей, Орусияда 220 аскердик бригада болсо, Украинада анын саны эки эсе аз. Ал ошондой эле Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн «эң арзан вариант» болмок экенин кошумчалады.

"Биз НАТОго, анын кепилдиктерине ишенебиз", - деп баса белгиледи украин лидери. Ошол эле учурда Зеленский "азыр АКШ Украинанын НАТОго кириши тууралуу сүйлөшүүгө даяр эместигин, анткени бул орустар менен эскалацияга жеткирерин" белгиледи.

Буга чейин Зеленский Украина НАТОго кирбесе же Киев аскердик бирикмеден кепилдик албаса, украин армиясынын санын эки эсеге көбөйтүү зарылдыгын айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин Украинанын НАТОго кошулушуна ишенбестигин билдирип, бул кадамды “негизсиз” деп атаган.

Мүнхен коопсуздук конференциясы 1963-жылдын февраль айынан бери Мүнхенде өткөрүлгөн эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат. (AiA)

Дагы караңыз

Украина согушта курман болгон 757 жоокеринин сөөгүн кайтарып алдыМилиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады Энергетика министринин мурдагы орун басары 20 миң доллар пара алууга шектелип кармалды