Украина согушта курман болгон 757 жоокеринин сөөгүн кайтарып алды

Украинанын согуш туткундары боюнча иштеген координациялык штабы жүздөгөн каза болгон жоокерлердин сөөгү мекенине жеткирилгенин 14-февралда билдирди.

Штабдын маалыматы боюнча, жалпысынан 757 сөөк кайтарылды, алар Курахово, Покровск, Бахмут, Угледар, Луганск жана Запорожье багыттарында салгылашып каза болгон жоокерлер.

"Азаттык" радиосунун украин кызматы 2024-жылы февраль айында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтканына таянып, Орусия жапырт басып кире баштагандан бери 31 миң украин аскери курман болгонун жазды.

Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун айырбаштоо жараянына эл аралык Кызыл Чырым комитети көмөктөшөт. (AiA)

Дагы караңыз

ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч адамды бошоторун жарыяладыМектептерде балдар менен иштөөчү инспекция кабинеттери ачылатМүнхенде Украина–Орусия жолугушуусу өтөрү ырастала элек