А.Абдирасулова: Алты президенттин баары менен жолугуп сүйлөшкөм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жаңы жыл алдында Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Биз менен телефон аркылуу маегинде андай кадамга барышына кийинки кездери көбөйүп кеткен коркутуу, каралоо, жамандоо себеп болгонун айтты.