УКМК “ЭлКаттын” жетекчилерине козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди

“ЭлКаттын” эн белгиси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “ЭлКат” компаниясынын жетекчилерине козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди.

Атайын кызмат 13-февралда тараткан маалыматка ылайык, тергөөдө “ЭлКат” мамлекеттик-жеке ишканасы 1994-жылы түзүлүп, анын 51% Президентинин аппаратына, 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгон.

1998-жылы “ЭлКаттын” уюштуруучуларынын курамы өзгөртүлүп, “Компьютердик технологиялар борборунун” ордуна “Айкөл-5” ачык акционердик коому кирген.

УКМК Президенттин иш башкармалыгынын айрым кызматкерлери “ЭлКаттын” 100% акциясына ээлик кылуу үчүн бир эле учурда “Айкөл-5” компаниясынын да негиздөөчүлөрүн катарында болгону аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат 2006-2007-жылдар аралыгында алар кызматтык ыйгарым укуктарын жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык байланыштарын пайдаланып, сот аркылуу Президенттин иш башкармалыгын “ЭлКаттын” мүчөлүгүнөн чыгарганын жана ал үчүн эч кандай кенемте төлөбөгөнүн кошумчалады.

“Ошентип, мамлекеттик кызматкерлердин тобунун жана “Айкөл-5” ЖЧКсынын уюштуруучуларынын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекет телекоммуникация тармагындагы стратегиялык маанилүү ишкана болгон “ЭлКат” ЖЧКсындагы үлүшүнөн ажырап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта бул иш боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын жана алынбай калган кирешенин так суммасын аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду 3-апрелге чейин камакка алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

“ЭлКат” компаниясынын жетекчиси алмашып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын мурдагы орун басары Нурадил Баясов ишкананын убактылуу жетекчиси болуп дайындалганы, тиешелүү чечимге Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 11-февралда кол койгону белгилүү болгон.

“ЭлКат” - Кыргызстандагы ири интернет-провайдер. Ишкана чоң-чоң компанияларга, чакан жана орто ишканаларга, мамлекеттик уюмдарга, Кыргызстандагы уюлдук операторлорго жана ири эл аралык уюмдарга кызмат көрсөтөт.

“ЭлКат” ачык акционердик коомунда мамлекеттин үлүшү жок. (BTo)

Дагы караңыз

Мүнхенде топтолгон адамдарды машине сүзүп, 20дай киши жаракат алдыЖогорку Кеңеште Жер кодексин кароодо талаш жаралды Одесса жапырт соккуга кабылды, Санду "Шахед" дрону Молдовада жарылганын айттыТрамп менен Путиндин жолугушуусу Сауд Арабиясында өтүшү ыктымалЖогорку Кеңеш талаш жараткан Жер кодексин үчүнчү окууда кабыл алдыMCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды