Кара-Суу районунун Каратай айылында жайгашкан №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин окуучусунун өлүмү боюнча райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акбермет Толтоева кызматынан бошотулду.
Райондук акимчилик Фейсбуктагы расмий баракчасында кабарлагандай, бул окуяга байланыштуу акимдин орун басары Айжан Кулановага жана акимчиликтин социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Жеңиш уулу Азаматка сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле окуя болгон мектептин директору Нурланбек Калмурзаев, орун басарлары Улпатхан Жунусалиева жана Гүлсүнай Кулболдиева, мектептин социалдык педагогу, мушташка катышкан балдардын класс жетекчилери менен чогуу кызматынан четтетилишти.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 11:00 чамасында аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучулары мушташып, натыйжада 9-А класстын окуучусу Адилет Турдубаев жабыркаган. Бала ооруканада көз жумган.
№39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 610 окуучу билим алат, 48 мугалим иштейт. 9-класста 44 окуучу, 11-класста 17 окуучу окуйт.
Бул окуяга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.
Жакында эле Бишкектеги №72 орто мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгону айтылып, “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң суицидге барган балдардын жакындары өспүрүмдөр мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. (ZKo)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш талаш жараткан Жер кодексин үчүнчү окууда кабыл алдыЖК комитети Орунтаев жана Шайлдабекова боюнча чечим кабыл алдыУКМК Жайылда бала бакча жана спортзал мамлекетке кайтарылганын билдирдиӨзбекстан: Алламжоновго кол салуу аракети үчүн 10 киши кесилдиДарыгерлер 120 миң сомго чейин айлык алабы? Чүйдө “Йакын-Инкар” экстремисттик кыймылынын төрт мүчөсү кармалдыДепутат Айдаралиев өкмөттү мектеп рэкетчилигине каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды